3-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Коом 2 декабрь 2025 18:18
3-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында күн ачык болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9... +14, Талас облусунда +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +10... +15, Ысык-Көл облусунда +4... +9, Нарын облусунда +1... +6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +12... +14 градусту түзөт.