Башкы прокуратура 3 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Коом 722 29 Апрель 2026 13:10
683456084_1286446237007759_5099972959970346075_n.jpg
684922811_1286446277007755_2664966924319734281_n.jpg
683653896_1286446463674403_3723343877678602178_n.jpg
684655105_1286446287007754_1118219137246893255_n.jpg
683516140_1286446357007747_2255316444223734663_n.jpg
684914559_1286446193674430_6132438490713803152_n.jpg
681881734_1286446220341094_2995185053986644845_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүн Башкы прокуратура 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө прокуратура органдарынын иш-аракеттеринин негизги багыттары комплекстүү талданып, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын жана ишкерлердин укуктарын ишенимдүү коргоо, кылмыштуулуктун абалы жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошону менен катар коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугу, социалдык-экономикалык жана экологиялык чөйрөдөгү абал каралды.

Талкуунун алкагында жарандардын укуктарын камсыздоо, үй-бүлөлүк зомбулукка жана балдарга карата укук бузууларга каршы чараларды күчөтүү, ошондой эле прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашырууда орун алган кемчиликтерди жоюу зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча прокуратура органдарынын кызматкерлерине мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну өз мөөнөтүндө камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү, укук бузуулардын алдын алуу иштерин өркүндөтүү, текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.