Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 29-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Талас облусунда +27…+32 градус;
- Ысык-Көл облусунда +26…+31 градус;
- Нарын облусунда +26…+31 градус;
- Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35…+40 градуска чейин ысышы күтүлөт.
Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +35…+37 градуска чейин жетет.