Бүгүн Алтын-Ордо конушунда суу өчүрүлөт

Коом 29 Декабрь 2025 09:00
1766394469_lar.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2025-12-26 at 13.32.58.jpeg
Алдыга
Артка
1766394469_lar.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2025-12-26 at 13.32.58.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 29-декабрда Алтын-Ордо конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул чара түтүктөрдү кайра кошуу, өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.