Бишкек, 26.06.26 /Кабар/. Өлкө аймагында 28–29-июнь күндөрү абанын температурасы кескин жогорулайт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет.
Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:
- күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө;
- көп суу ичүүгө;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз сугарууга сунуш кылынат.