Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 27-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +2...+7, Талас облусунда +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көл облусунда -1...+4 градус, ал эми Нарын облусунда -4...-9 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы+5...+7 градус болушу күтүлөт.