Бишкектин борбордук бөлүгүндө 26-мартта суу өчөт

Коом 383 23 Март 2026 15:25
1774253802_large.jpeg
1774253774.jpeg
Алдыга
Артка
1774253802_large.jpeg
1774253774.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. 26-мартта Бишкектин борборунда суу өчөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, 26-мартта саат 09:00дөн 15:00гө чейин Панфилов көчөсү – Манас проспектиси — Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу "Тоголок Молдо" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалар менен тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.