Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 26-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн басымдуу аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын облусунда +24...+29 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында +34...+36 градуска чейин жетиши күтүлөт.