25 шаарда жана 601 айылда таза суу системалары курулууда – министр

Коом Загрузка... 27 Февраль 2026 17:34
voda.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Учурда 25 шаарда жана 601 айылда суу системалары курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты.

Министрдин маалыматына караганда, келерки жылдын аягына чейин дагы 70 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда.

Министр белгилегендей, суу ресурстарын системалуу өнүктүрүү — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизи.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.