Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 25-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +29…+34, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +23…+28, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градуска чейин жетет.
Бишкек шаарында абанын температурасы +30…+32 градусту түзөт.