Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 22-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +20...+25 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын табы +32...+34 градуска жетет.