Орто-Токой ГЭСи ишке кирүү алдында: Курулуш 80 пайызга аяктады

Коом 13 Январь 2026 10:45
615779308_871312185493758_8077806161991112600_n.jpg
615430995_871312282160415_6185421747563069558_n.jpg
615975065_871312215493755_6510320323541888957_n.jpg
616014425_871312212160422_5516894366781906279_n.jpg
616137115_871312265493750_8739057402973136692_n.jpg
Алдыга
Артка
615779308_871312185493758_8077806161991112600_n.jpg
615430995_871312282160415_6185421747563069558_n.jpg
615975065_871312215493755_6510320323541888957_n.jpg
616014425_871312212160422_5516894366781906279_n.jpg
616137115_871312265493750_8739057402973136692_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Курулуш иштери "Чакан ГЭС" ААК тарабынан жүргүзүлүп, иштер бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда.

  • Узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен аяктады;
  • Суу өткөрүүчү туннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;
  • Тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдарын жана грунтун даярдоо жана бекемдөө иштери аткарылууда;
  • Үч чыгуусу бар туннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүүдө: анын ичиндеги бир чыгуусунда 93,6 метр, экинчисинде 74,4 метр металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.

Ошондой эле гидроэлектростанциянын имаратында курулуш иштеринин бир катар этаптары аяктады:

  • ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;
  • Төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;
  • Чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;
  • №№ 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарымында аяктайт.