Ысык-Көл эл аралык форуму: Даярдыктар жана уюштуруу маселелери талкууланды

Коом 418 21 Май 2026 21:10
703296638_1562026929265269_2675324088164594599_n.jpg
703480634_1562026922598603_7806961409777408201_n.jpg
704229506_1562027005931928_5976195308083328080_n.jpg
703467994_1562027089265253_2619196455507189408_n.jpg
704672400_1562027079265254_5239407320045998317_n.jpg
705031736_1562027045931924_643826522774516197_n.jpg
704188804_1562026969265265_1524038242188835698_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 21-майда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар форумдун жалпы концепциясы, анын аталышы жана талкуулоо темалары заман талабындагы дүйнөлүк тенденцияларга жана актуалдуу чакырыктарга шайкеш келиши керектигин белгилешти, ошондой эле иш-чаранын мазмундук деңгээлин мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар ортого салынды.

Юбилейлик форумга дүйнөгө белгилүү окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, илимий ишмерлер, белгилүү акындар жана жазуучулар, дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн келген мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.

Жыйынтыгында Арслан Койчиев форумдун өтүү мөөнөтү жакындап калганына токтолуп, бекитилген иш-чаралар планынын алкагында бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу түзүмдөр тарабынан системалуу жана ыкчам иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.