Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 2027-жылы Евразиялык экономикалык форум Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов билдирди.
Анын айтымында, аталган форум 2022-жылдан баштап уюштурулуп келет. I форум Кыргызстанда өткөрүлгөн.
“2027-жылы ЕАЭБдин органдарына Кыргызстан төрагалык кылат. Буга байланыштуу биздин өлкөгө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жана өнөктөш болгон үчүнчү өлкөлөрдөн коноктор келет”, - деди ал.
Каниет Насирдинов белгилегендей, быйыл V форум Казакстанда өткөрүлгөнү жатат.