2026-жылы жол оңдоо үчүн 484 атайын техника сатып алынат

Коом Загрузка... 27 Октябрь 2025 09:42
480754167_942639468044800_9081739011061852968_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. 2026-жылы жол оңдоо үчүн 484 атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын чыңдап жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жол фондунун эсеби менен акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынды.