Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. 2026-жылдын июнь айында Кыргызстанда “Ысык-Көл” эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган форумду өткөрүү боюнча президенттин атайын өкүлү, КР Эл жазуучусу Арслан Койчиев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген форумдун 40 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү тууралуу тескемеге кол койгон.

“Аны ишке ашыруу максатында атайын уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирди. Форум Чыңгыз Айтматов негиздегендей эле адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу маанилүү темаларды талкуулай турган ачык диалог аянтчасы болот. Ал учурда келген коноктордун көбү Айтматовдун акылмандыгын жана чыгармачылык мурасын баалаган инсандар болгон. Бул жолу да ошондой деңгээлдеги улуу адамдар келиши керек. Ал үчүн чакырууларды өлкө башчынын атынан жөнөтүү зарыл. Уюштуруу иштерине мен жооптуумун. Учурда кызуу даярдыктарды көрүп жатабыз”, - деди Арслан Койчиев.