Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. 2026-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзаменди жасалма интеллект кабыл алат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы система адамдык факторду жоюп, максималдуу ачык жана так болуусун камсыздайт.
“Экзаменге жаран өзү келип, компьютерден 5 суроого жооп берет. Эгер туура жооп берсе, система автоматтык түрдө жыйынтык чыгарып, айдоочулук күбөлүк берилет. Эч кандай аралашуу болбойт”,- деди Туманбаев.