Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. 2026-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен 5 270 га айыл чарба жерине тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер министрликтин суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү тууралуу буйругунун негизинде жүргүзүлүп, мамлекеттик фонддун жерлеринде заманбап сугаруу системаларын жайгаштыруу, участокторду аныктоо жана убактылуу пайдаланууга берүү боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө.
Учурда республика боюнча 2000 га жер такталып, 1500 га системаларды орнотуу үчүн тендерлер жарыяланып, долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Ошондой эле дыйкан-фермерлерге суу үнөмдөөчү технологиялардын артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, республикалык деңгээлде 2 семинар өткөрүлдү.
Тендердик иштер аяктагандан кийин керектүү жабдуулар сатып алынып, 2026-жылдагы вегетация маалына чейин системаларды орнотуу иштери пландалууда.
Эскерте кетсек, 2024-2025-жылдары жалпы 2369,5 га жерге суу үнөмдөөчү системалар орнотулуп, анын 641,5 га тамчылатып, 1728 га жамгырлатып сугаруу системалары болду.