Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 2026-жылы ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга бюджеттен 135 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, натыйжада жазгы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн керектүү каражаттар менен камсыздоо 100 пайыз аткарылды.
"Учурда вакциналарды жана биокаражаттарды ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана жоготуусуз пайдалануу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, көзөмөл күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.