Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. 2025-жылы жумушсуздардын саны 100 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саадаткүл Муканбетова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында министрликтин аймактык башкармалыктарында 56 миңден ашык иш издеген жарандар каттоодо турат. Алардын 38 миңден ашыгы расмий жумушсуз статусунда. 2025-жылдан тарта аталган жарандар иш менен камсыздоо боюнча активдүү чаралардан колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
“Аларга токтоло кетсек, алар маалымат берүү, каттоого алуу, кыска мөөнөттүү кесиптерге жөнөтүү, квалификациясын жогорулатуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга камтуу жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү. 2022-жылдан бери алардын катарына социалдык контракт менен социалдык көмөк көрсөтүү киргизилди. Себеби, бул долбоор өзүнүн ийгиликтүү экендигин көрсөттү”,-деди ал.