2025-жылы чет өлкөлүк түз инвестициялар 1,3 млрд долларга жетти

Экономика
2025-жылы чет өлкөлүк түз инвестициялар 1,3 млрд долларга жетти

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. Кыргызстанга тартылган чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 2020-жылдагы 537 млн доллардан 2025-жылы 1,3 млрд долларга чейин өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, инвестициялардын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайына жана пайдалуу кендерди казуу тармагына багытталган.

“2020-жылы кайра иштетүү өнөр жайына 259 млн доллар, пайдалуу кендерди казууга 80 млн доллар инвестиция тартылган. Ал эми кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке 59 млн доллар жумшалган”, - деп билдирди ал.

Сабиров белгилегендей, 2025-жылы кайра иштетүү өнөр жайына тартылган инвестициялардын көлөмү 618 млн долларга, пайдалуу кендерди казуу тармагында 246 млн долларга жеткен. Ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна 142 млн доллар инвестиция багытталган.