Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүүдө.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев беш жыл ичиндеги экономикалык негизги көрсөткүчтөргө токтолду.
Анын айтымында, 2025-жыл тарыхый жыл болуп, өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир этабынан экинчисине багыт алды. Ошондой эле былтыр 2026-жылга чейинки өнүгүү программасы ийгиликтүү аткарылып, 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасы кабыл алынды.
"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түзүп, анын реалдуу өсүү темпи 11,1% болду. ИДП адам башына 2020-жылы 1230 доллар болсо, 2025-жылы 3075 долларга жетип, эки жарым эседен ашык өстү. Социалдык саясаттын парадигмасы түп тамыры менен өзгөрдү.
Атап айтканда, 2025-жылы пенсиянын көлөмү жашоо минимумунан ашты. Эгер ал 2020-жылы 5894 сом болсо, индексациядан кийин 2025-жылы 11238 сомду түздү. Ошондой эле социалдык жөлөк пулдардын көлөмү түрүнө жараша 200%га чейин көбөйүп, "бала береке", "келечекке салым" жана "социалдык контракт" сыяктуу жаңы жөлөк пулдар киргизилди.
Бюджеттик тармакта эмгек акы төлөө фонду 2010-жылы 14,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 146,5 млрд сомду түзүп, он эсеге жакын өстү. Былтыркы жылы орточо айлык акы 44 миң 419 сомдун тегерегинде болду", - деди минкаб төрагасы.