Былтыр дээрлик 10 миң жаран адилеттик издеп кайрылган - акыйкатчы институту

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 16:05
WhatsApp Image 2026-02-10 at 14.05.50.jpeg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Акыйкатчы институтуна 9 672 жаран кайрылган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Социалдык-экономикалык укуктардын бузулушу боюнча 324 арыз түшкөн. Алардын ичинен 95 даттануу билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерине байланыштуу болгон.

Ошондой эле жарандар эмгек жана турак жай укуктарынын бузулушуна даттанып, социалдык жардам алууга жардам сурап, мүлккө болгон укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдардын, балдардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарынын бузулушуна өзгөчө көңүл буруп келет.

Бир жылда акыйкатчыга 49 аял укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алардын ичинен 29у үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандыгын айтышкан. Балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 36 арыз түшүп, 56 жаран алимент өндүрүүгө көмөк сураган. Мындан тышкары, паспорт жана башка өздүгүн тактаган документтерди алууга, дин тутуу эркиндигин коргоого жардам сурагандар дагы болгон.

Ошондой эле 2025-жылы 12 адам институттан экстрадициялоо (жаза мөөнөтүн өз мекенинде өткөрүүгө которулуу) маселесин чечүүгө кол кабыш кылууну өтүнүшкөн.

Ар бир кайрылуу боюнча Акыйкатчы институту укуктук кеп-кеңештен тарта мамлекеттик органдарга бузулган укуктарды калыбына келтирүү талабы менен расмий кат жолдоого чейинки иштерди жүргүздү.

Акыйкатчыга чет өлкөдө жүргөн мекендештер да кайрылышат. Тактап айтканда, 2025-жылы Россиядан – 14, Өзбекстандан – 8, Казакстандан -2 жана Беларуссиядан 1 кайрылуу болгон.

Институт Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандардын укуктарын дагы коргойт. Бир жыл ичинде Түркия жарандарынан 3 даттануу болгон, андан тышкары, Афганистан, Пакистан, Ливия, Чехия, Германия жана Египеттен келген адамдарга көмөк көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жалпы 811 мониторинг жүргүзүшкөн. Алардын 328и эркиндигинен ажыратылган жайларда, 90у аскер бөлүктөрүндө, 48и социалдык стационардык мекемелерде, 133ү билим берүү мекемелеринде жана 54ү саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлгөн.

Жарандардын кайрылууларынын негизинде мамлекеттик органдарга 141 көңүл буруу акты жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган. Анын жыйынтыгында мыйзам бузууларга жол берген 109 мамлекеттик кызматкерге тартиптик чара көрүлгөн, анын 15и укук коргоо органдарынын кызматкери болгон.