Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. 2025-жылы темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатуу жана модернизациялоо максатында жалпы узундугу 64,5 чакырымды түзгөн темир жол капиталдык оңдоодон өттү.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бул иштер темир жол тармагынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталып, жолдун техникалык абалын жакшыртууга өбөлгө түздү.
"Оңдоо иштеринин алкагында рельс-шпал түзүлүшүн жаңылоо, жолдун геометриясын түздөө, бекемдөө жана башка комплекстүү оңдоп-түзөө иштери аткарылды", — деп айтылат маалыматта.