Жаңы жылдык балаты - кышкы майрамдардын башкы символдорунун бири болуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды бириктирет. Дайыма жашыл болуп турган даракты кооздоо салты байыркы доорлордон башталат. Европадагы байыркы бутпарастар кыштын караңгы күндөрүндө жашоонун, кайра жаралуунун жана жаман рухтардан коргоонун символу катары ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдү колдонушкан.
Орто кылымдарда алгачкы жаңы жылдык балатылар Германияда пайда болгон. Анда балатыны алма, жаңгак жана кагаздан жасалган фигуралар менен кооздошкон. 18-кылымда бул салт Франция менен Германиянын шаар тургундарынын арасында кеңири жайылып, кооздоолор дагы ар түрдүү болуп, шамдар, кумшекерлер, жыгач оюнчуктар жана тасмалар колдонулган.
19-кылымда жаңы жылдык балаты Россияда да популярдуу боло баштаган. 1841-жылы Николай I императорунун сарайында балдар үчүн биринчи балаты орнотулган. СССРде балаты жаңы жылдын символу катары 1935-жылы расмий бекитилген. Ал жылы Москвадагы Кызыл аянтта башкы шаардык балаты орнотулган. АКШда болсо балатынын кеңири популярдуулугу Германиядан келген иммигранттарга байланыштуу. Ал эми атактуу Рокфеллер борборундагы балаты биринчи жолу 1931-жылы жандырылган.

Бүгүнкү күндө балатылар гирлянда, шар жана оюнчуктар менен кооздолот. Шаарларда башкы жаңы жылдык балатылар орнотулуп, алар майрамдык иш-чаралардын, концерттердин жана жарманкелердин борборуна айланат. Ар кайсы өлкөлөрдө бул салт өзгөчө мүнөзгө ээ. Нидерландда - таттуулар жана “синтерклаас”, Латвияда - борбордук аянттарга орнотулган балатылар, АКШда - Рокфеллер борборундагы балатыны салтанаттуу түрдө жандыруу.
Жаңы жылдык балаты дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү муундарды жана маданияттарды бириктирген кышкы майрамдын башкы символуна айланган.
Кирип келе жаткан жаңы жылдын алдында “Кабар” маалымат агенттиги бул ирет дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү миллиондогон адамдарга майрамдык маанай тартуулап, буга чейин жандырылган же жакын арада жандырылуучу башкы балатылар тууралуу айтып берет.
Нью-Йорк, АКШ

29-ноябрда Рокфеллер борборунда салтанаттуу түрдө белгилүү жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өттү. Бул жылы балаты Батыш Вирджиниядан алынып келинип, анын бийиктиги болжол менен 22 метрди, салмагы 12 тоннаны түзөт. Балаты 50 миңден ашык түстүү жарык диоддор менен кооздолгон. Чокусуна Swarovski компаниясынын 70 нурлуу жылдызы орнотулган. Ал миллиондогон кристаллдар менен кооздолуп, салмагы 400 килограммдан ашат. Эгер балатыдагы гирляндалар узун болуп жайылса, алардын узундугу 8 чакырымды түзөт. Жандыруу аземи майрамдык концерттер менен коштолуп, дүйнөдөгү эң белгилүү майрамдык иш-чаралардын бири болду.
Лондон, Улуу Британия

Трафальгар аянтында жаңы жылдык балаты 4-декабрда жандырылды. Бул көп жылдык британ салтынын алкагында өттү. “Түбөлүк Осло” деген атка конгон балаты Норвегиянын борбору Осло шаары тарабынан Лондонго белекке берилген. Анын бийиктиги болжол менен 20 метрди түзүп, курагы 60 жашка жакын. Балаты норвегиялык салтка ылайык вертикалдуу илинген лампалардын гирляндалары менен кооздолгон. Бул өзгөчө иллюминация аянтка келгендер үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулайт.
Москва, Россия

Москванын башкы балатысы 25-декабрда салтанаттуу түрдө жандырылат. Анын бийиктиги 26 метрди түзөт. Балаты жарык берүүчү гирляндалар, майрамдык шарлар жана башка кооздук элементтер менен жасалгаланып, өлкөнүн жүрөгүндө кышкы жомоктогудай майрамдык маанай тартуулайт.
Астана, Казакстан

Коңшу Казакстанда башкы балаты 18-декабрда жандырылат. Бийиктиги 25 метрди түзгөн балаты “Астана Арена” стадионунун унаа токтоочу жайында орнотулат. Ал жерде шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттер, жарманкелер жана көңүл ачуучу иш-чаралар менен коштолгон майрамдык программа уюштурулат. Балаты өлкө борборундагы жаңы жылдык маанайдын башкы символу болуп саналат.
Бишкек, Кыргызстан

Кыргызстанда башкы балаты 15-декабрда Ала-Тоо аянтында жандырылат. Балатынын негизги конструкциясы 32 метрге жетип, жылдызы менен бирге 35 метрди түзөт. Жаңы жылдык балаты 7 миң көк жана күмүш түстөгү шарлар менен кооздолгон. Балаты аянттын архитектуралык дизайнына шайкеш келип, борбордун символдорунун жанында жайгашып, шаар тургундары менен конокторуна майрамдык маанай тартуулайт.