Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын 200дөн ашык кызматкери мамлекеттик тапшырык боюнча квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо курстарынан өтүштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, окутуу министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду.
Окутуу программасы башкаруучулук компетенцияларды өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкаруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө, укуктук сабаттуулукту жогорулатууга жана мамлекеттик органдардын ишине санариптик куралдарды киргизүүгө багытталган.
Негизги темалардын катарына стратегиялык пландаштыруу, долбоордук менеджмент, мамлекеттик сатып алуулар, санариптештирүү, ченемдик укуктук камсыздоо жана жаңы кабыл алынган кызматкерлерди кесиптик жактан кайра даярдоо кирди.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо шарттарында натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон актуалдуу билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
Салык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана салык системасына ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.