20-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 20 ноябрь 2025 09:00
20-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жаан жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13... +18, Талас жергесинде +12... +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +13... +18, Ысык-Көлдө +5... +10, Нарында +4... +9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +14... +16 градусту түзөт.