Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 11:30
1623322394_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз.

Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.