20-31-октябрда Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт

Коом Загрузка... 17 Октябрь 2025 17:04
484954903_954833726858463_2016315068884436246_n.jpg
copyright icon Кыргыз темир жолу

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. 20-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол инспекторлору тарабынан жол убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар үчүн бир тилке ачык болот.

Ишкана жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды ишти түшүнүү менен кабыл алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.