2-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 02 Июнь 2026 10:25
WhatsApp_Image_2025_6or1zVv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 2-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +27...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +22...+24 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтөт. Абанын температурасы +29...+31 градус болушу күтүлөт.