№2 аялдар абагындагы балдар үйүнүн шарттары жакшыртылды - Акыйкатчы институту

Коом Загрузка... 22 Октябрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү мекемесиндеги балалуу энелердин жашоо шарттарына жана алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, институттун кызматкерлери абактагы жашоо-тиричилик шарттарын көрүп чыгып, соттолгон аялдар жана мекеменин кызматкерлери менен маектешти.

Абактагы балдар үйүндө 3 аял бир жарым жашка чейинки балдары менен жашап жатканы белгилүү болду.

Жаза-аткаруу кодексине ылайык, абактарда балдар энеси менен үч жашка чыкканга чейин бирге болууга укуктуу.

Аялдар негизинен тамак-аштын сапатына, медициналык тейлөөнүн начардыгына жана жашоо үчүн эң жөнөкөй шарттардын жоктугун айтышкан.

Алардын пикиринде, тамак-аш күнүмдүк нормаларга жооп бербейт, азык-түлүктөрдүн сапаты төмөн жана көп учурда колдонууга жараксыз болот.

Мониторинг маалында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен сүттү жана ашканадагы картошкалардын чирип кеткенин көрүшкөн. Ошондой эле абакта канализация иштебей турган. Бала эмизген энелер сырттагы даараткананы колдонууга мажбур.

Мындан тышкары, жуунуучу бөлмөдө суу жылыткыч бузулуп калгандыктан, ысык суу да жок. Аялдар жеке гигиенаны сактоого шарт жоктугуна, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн кийим-кече жана жуугуч каражаттардын жетишсиздигине нааразы болушкан. Алар бул каражаттар эки айда бир эле жолу берилерин, ошондуктан өз эсебинен сатып алууга мажбур экенин белгилешкен.

Энелердин айтымында, жылытуу системасы болсо да, кыш мезгилинде имараттын ичи суук.

“Терезелер сынык, айрымдары скотч менен чапталган, кээ биринде айнек такыр жок. Биз жылуу болуш үчүн электр жабдууларын колдонобуз, бирок өрт чыгып кетеби деп кооптонобуз”, — дешкен аялдар.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бардык мыйзам бузууларды жоюп, соттолгон аялдар менен алардын балдарынын укуктарын камсыз кылуу боюнча чара көрүү зарылдыгын белгилеп, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жөнөттү.

Жөнөтүлгөн сунуштамалардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында институттун кызматкерлери абакка кайра барып, №2 мекеменин администрациясы тарабынан көрүлгөн чараларды текшеришти.

Натыйжада балдар үйүндө жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Канализация оңдолуп, көлөмү 100 литрлик суу жылыткыч орнотулган, терезелер алмаштырылган, кир жуугуч машина жана жаңы муздаткыч сатып алынган.