Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 19-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми айрым жерлерде жаан катуу жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда: +28...+33 градус;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: +30...+35 градус;
- Талас облусунда: +24...+29 градус;
- Ысык-Көл облусунда: +22...+27 градус;
- Нарын облусунда: +21...+26 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +29...+31 градуска чейин жогорулайт.