18-ноябрга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 08:50
kuz.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16... +21, Талас жергесинде +14... +19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20, Ысык-Көлдө +6... +11, Нарында +5... +10 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +16... +18 градусту түзөт.