Жаздын илеби: Эртең көпчүлүк аймакта аба ырайы жылуу болот

Коом Загрузка... 16 Март 2026 18:20
1649749211_1-vsegda.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында күн ачык болуп, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1–6 метрге, кээ бир аймактарда 15–20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда: +9...+14°;
  • Суусамыр өрөөнүндө: -3...-8°;
  • Талас облусунда: +6...+11°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: +12...+17°;
  • Ысык-Көл облусунда: +6...+11°;
  • Нарын облусунда: +1...+6° болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +11...+13° түзүп, жылуу болот.