Бишкектин Жеңиш конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 12 февраль 2026 11:40
1770866677_large.png
1770866660.jpeg
Алдыга
Артка
1770866677_large.png
1770866660.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. 17-февралда Бишкектин Жеңиш конушунда суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу "Жеңиш" суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.