15-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 15 июнь 2026 09:55
15-июнга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 15-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл, Нарын облусунда +24...+29 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +35...+37 градуска чейин жогорулайт.