Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. 13 жаштагы өспүрүм Тимурдун өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу иш жаап-жашырылбайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде гана иш алып барат. Бул окуя боюнча ишти министр өз көзөмөлүнө алган.
Ошондой эле Орунбеков белгилегендей, кырсыктын бардык жагдайлары кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылат.
“Коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда 13 жаштагы Тимурдун өмүрүн алган трагедиялуу окуя кызуу талкууланып жатканын окуп жатам. Маркумдун апасына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Укук коргоо органдары мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптеринин чегинде гана иш алып барат. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча иш алып барууда, министр өз көзөмөлүнө алган. Өлүм менен коштолгон бардык кырсыктар тиешелүү органдардын жетекчилеринин көзөмөлүндө болот.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси - “Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары жашы жете элек айдоочу кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда жашы жете электердин түзөтүү колониясына камакка алынган. Биз коомчулукту тергөөгө ишенүүгө жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Кырсыктын бардык жагдайлары кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылат”, - деди ал.
Эске салсак, Бишкекте 18-октябрда айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы жашы жете элек жаран жол кырсыгына кабылган. Каргашалуу окуя саат 21:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 17 жаштагы бала башкарып келе жаткан Toyota Camry унаасы менен Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен Camry тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Натыйжада 13 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.