Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм 4 адамды сүзүп, бир бала каза тапты

Кырсык 19 Октябрь 2025 11:39
54494678114297_OqVpsXn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54494678114297_1ApeE5p.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54494678114297_aHdbgAi.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54494678114297_NZbCPdH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54494678114297_tJG5xCM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек ШИИБ

Бишкек, 19.10.25 /Кабар/. Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы жашы жете элек жаран жол кырсыгына кабылып, 4 адамды сүзүп, бир бала каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 18-октябрда саат 21:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 17 жаштагы бала башкарып келе жаткан Toyota Camry унаасы менен Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен Camry тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Натыйжада 13 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Toyota Camry унаасын башкарган 17 жаштагы өспүрүм убактылуу кармоочу жайга камалды. Унаалар айып короосуна киргизилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милициядан белгилешкендей, жол кырсыгы айдоочулук күбөлүгү жок туруп, унаа башкарган өспүрүмдүн айынан келип чыккан.

Мындан улам милиция ата-энелерге кайрылып, балдарын көзөмөлдөөнү жана жашы жете электерге транспорт каражаттарын башкарууну өткөрүп бербөө керектигин белгиледи.