№13 округдагы кайра шайлоо. Бюллетендин формасы жана тексти бекитилди

Шайлоо 9 февраль 2026 16:00
№13 округдагы кайра шайлоо. Бюллетендин формасы жана тексти бекитилди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады.

Ведомстводон маалымдашкандай, депутаттарды кайра шайлоодо №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти бекитилди.

Белгилей кетсек, аталган округда шайлоо 1-мартта өтөт.