Бишкек, 13.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 13-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Ал эми Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +26…+31, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +29…+34, Ысык-Көл облусунда +21…+26, Нарын облусунда +18…+23 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +30…+32 градуска көтөрүлөт.