12-ноябрга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 12 Ноябрь 2025 08:50
1.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан жаабайт, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 10... +15, Талас жергесинде 9... +14, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +11... +16, Ысык-Көлдө +7... +12, Нарында +4... +9 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын табы +12... +14 градуска жетет.