"1+1" механизми: Баткенде 100дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлдү

Аймак 474 23 Июнь 2026 17:10
726673622_1551607082999408_8149780725708253724_n.jpg
727312763_1551607196332730_25535225959957979_n.jpg
727465414_1551607119666071_4478587494626619355_n.jpg
727518607_1551607162999400_7891941290438572674_n.jpg
727519070_1551607039666079_4623538022807781172_n.jpg
727519676_1551607179666065_3919938393204686312_n.jpg
728503543_1037535268647228_2963416064623863265_n.jpg
729479837_1551607149666068_6715034223530557244_n.jpg
730420777_1551607046332745_3655494505658696905_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, уюмдун Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн делегациясы Баткенде Улуу Британиядан кайткан эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгы менен жеринде таанышууда.

2023-2025-жылдары "1+1" механизми аркылуу мекенге кайткан 59 жарандын бизнес-планы каржыланган, анын 39у Баткендин тургундары.

Ишке ашкан демилгелердин алкагында аймактарда 100дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлдү. Аталган уюм тарабынан гранттык каржылоо 18,4 млн сомдон ашса, ишкерлердин өздүк салымы 17 млн сомду түзгөн.

"Азыркы тапта долбоорго катышкан айылдык ишкерлердин айлык кирешеси 60 миң сомдон 1 млн сомго чейин жетүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган программанын алкагында Баткен аймагында айыл чарбасы, тигүү өндүрүшү, курулуш материалдарын жана газоблок чыгаруу, сүт азыктарын кайра иштетүү сыяктуу түрдүү багыттагы чакан ишканалар ийгиликтүү иш баштаган. Эл аралык өкүлдөр бул тажрыйба аймактын социалдык-экономикалык натыйжалуулугун көтөрүүдө үлгүлүү экенин белгилешти.