1-мартта мөөнөтү аяктайт. Зер буюмдарыңызды легалдаштырууга жетишиңиз

Экономика Загрузка... 13 Февраль 2026 13:21
gold-jewelry-from-c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында мурда алып келинген же өндүрүлгөн алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Бул чара салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттенмелерин аткаруудан бошотот. Аталган мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу үчүн болгону 16 күн калды.

Белгилей кетсек, легалдаштырылган зер буюмдар үчүн баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сыноого жана эн тамгалоого пробирдик жыйымдын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулат:

– ата мекендик өндүрүштөгү алтын, платина жана палладийден жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган жана өндүрүлгөн, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган зер буюмдар — 1 зер буюм үчүн 10 сом;

– ата мекендик өндүрүштөгү күмүштөн жасалган зер жана башка буюмдар, ошондой эле чет өлкөдөн сатып алынган чет өлкөлүк өндүрүштөн жасалган, анын ичинде мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан алынган буюмдар — 1 зер буюм үчүн 8 сом.

Зер буюмдарын легалдаштыруудан өтүү үчүн салык төлөөчү белгиленген мөөнөткө чейин ЭЭФ маалыматтык системасы аркылуу тиешелүү документти тапшырышы керек.