1-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 10:55
702240955_3841450249331479_5743494151278137183_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 1-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32..+37, Талас облусунда +29...+34, Нарын облусунда +23...+28, Ысык-Көл облусунда +26...+31 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градуска чейин ысыйт.