Бишкек, 31.05.26. /Кабар/. Эртең, 1-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, саат 16:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө кыймыл токтотулат:
* Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
* Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.
Убактылуу чектөөлөр борбордук аянтта өтө турган майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилүүдө.
Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууга чакырат.