1-июнь – Балдарды коргоо күнү. Эс алуучу жайларда коопсуздук текшерилди

Коом 26 Май 2026 15:45
707341576_980397137946749_3991314168842793654_n (1).jpg
708090365_980397071280089_5882930418814724625_n (1).jpg
707160498_980397154613414_2994947569335252005_n.jpg
707461077_980397044613425_2929698849974239313_n (1).jpg
707915051_980397014613428_1384025616178336865_n.jpg
708210960_980397141280082_7987025834942231227_n.jpg
708428857_980397264613403_3541170987293142825_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө жана жайкы сезондун башталышына карата Кыргызстан боюнча аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторинг Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Учурда республика боюнча 300дөн ашык аттракцион иштеп жатат. Алардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларына туура келет (маселен, Панфилов паркында – 41, "Евразияда" – 43, Sky Entertainment борборунда – 36 аттракцион бар). Мониторинг учурунда техникалык паспорттордун жана эксперттик корутундулардын жоктугу, камсыздандыруу полистеринин түзүлбөгөндүгү жана операторлордун атайын окуудан өтпөгөндүгү сыяктуу кемчиликтер аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун иштешине жол берилбейт. Эреже бузган тараптарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул каралган.