Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Агартуу министрлиги акыркы күндөрү коомчулукта тарап жаткан айрым такталбаган маалыматтарга карата төмөнкүлөрдү билдирет:
"Айлык акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге тиешелүү болот. Айрым гана (STEM) предметтердин мугалимдеринин айлыгы көтөрүлүп, тарых, кыргыз тили же география мугалимдериники жогорулабайт деген сөздөр — жалган. Ошондой эле бул предметтердин сааттары кыскарат деген маалыматтар да чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө башчысынын мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу чечими педагогдордун статусун көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталган.