1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайыз көтөрүлөт

Коом Загрузка... 13 Март 2026 10:55
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, бул кадам дарыгерлердин көп жылдан берки негизги көйгөйүн чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген адистерди колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.

"Алсак, алыскы аймактарда иштеген 500дөй дарыгерге берилүүчү депозиттин көлөмү эки эсеге өстү. Эгер мурда алар кварталына (3 айда бир) 33 миң сом алып келишсе, эми бул сумма 66 миң сомду түзөт. Ошондой эле аймактарда жетишсиз болуп жаткан неонатолог, педиатр жана анестезиолог-реаниматолог сыяктуу адистерге ай сайын кошумча 20 миң сомдон төлөнөт. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын президенттик фонддон 15 миң сомдон кошумча акы берип жатат", - деди ал.