Бишкекте эреже бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коом 20 Январь 2026 12:52
617185037_1393188268946885_8064480257582543456_n (1).jpg
616986281_1393188258946886_4161823139550915274_n.jpg
617832696_1393188322280213_786795013643219301_n.jpg
617858879_1393188338946878_7106329193286933681_n.jpg
618475602_1393188332280212_6025379591125819062_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Бишкекте дагы бир курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министр Нурдан Орунтаевдин инспекторлор менен биргеликте бир катар курулуш объектилерине жүргүзгөн рейдинен кийин кабыл алынган.

Текшерүүдө Т.Океев көчөсү, 9 жана 11 даректеринде курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу борборунун курулушунда курулуш ченемдеринин жана талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "Бина Групп" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.