Зыяратчылардын келиши ,оңдоо иштери. "Манас" аэропортундагы адамдардын топтолушунун себеби айтылды

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 11:11
508071978_749587451.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Чүй облустук милициясынан "Манас" аэропортундагы адамдардын топтолушунун себебин түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, 15-июнда саат 04:00 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунун кире беришинде жарандардын топтолгондугу тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тараган.

Милициядан билдиришкендей, 14-июнда Медина - Бишкек багыты боюнча ажылыктан кайтып келе жаткан жарандарды алып келген чартердик каттамдын келиши күтүлгөн.
Саат 18:00дөн 03:00гө чейин «Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, учак убактылуу Ташкент шаарынын аэропортуна багытталган. Андан кийин Бишкекке таңкы убакта учуп келген.

Ошол эле учурда Бишкекке бир нече каттамдык рейстер дагы келген. Күтүп алуучулардын саны көп болгондуктан, ажылыктан кайтып келгендерди тосуп алуу залына кирүүгө чектөө киргизилип, көпчүлүк жарандар сыртта күтүүгө мажбур болушкан.

«Манас» аэропортунун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашкан. Коомдук тартип бузуулар катталган эмес.

Кооптонууга негиз жок.